Жалал-Абад шаарындагы балдар бакчасынан өрт чыгып, бөбөктөр жана кызматкерлер эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт жеке менчик бала бакчанын ашканасынан чыккан. ӨКМ саат 11:48де кырсык тууралуу кабар алары менен жерине өрт өчүрүү тобу жөнөтүлгөнүн белгиледи.
Натыйжада бала бакчадагы 33 тарбиялануучу жана 3 тарбиячы куткаруучулар тарабынан эвакуцияланып, газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылган.
Министрлик өрт чыккан аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түзөрүн, тилсиз жоодон жабыркагандар болбогонун кошумчалады. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.