28-29-30-май күндөрү Ош шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш акындарынын катышуусунда Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда уюштуруучулар билдирди.
Маалымдалгандай, бул иш-чара кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири Жолон Мамытовдун 85 жылдыгын утурлай ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулууда. Фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандан келген жаш акындар катышат.
Белгиленгендей, 28-майда “Жолон Мамытов” атындагы аллеяда акындын эстелиги ачылып, ОшМУда илимий публицистикалык докладдар окулат. Акындын бейнесин чагылдырган сүрөт көргөзмөлөрү көрсөтүлөт.
Демилгени Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, мэрия, Ош мамлекеттик университети, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, “Нурборбор” чыгармачыл академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору колдоого алды.
Маалымат үчүн: Жолон Мамытов 1940-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Алгачкы ыры 1954-жылы облустук “Ленин жолу” гезитине жарыяланып, кийинки чыгармалары республикалык гезит-журналдарда, альманахтарда басылган. Акын 48 жашында дүйнөдөн кайткан. Жолон Мамытовдун “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол, кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.