Орусиянын учагы каза болгон жүргүнчүдөн улам Казакстанга шашылыш конду

Бүгүн, 27-майда Орусиянын Nordwind Airlines авиакомпаниясынын учагы Казакстандын Актөбө эл аралык аэропортуна шашылыш конду.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, Boeing-777 Екатеринбургдан Сочиге учуп бара жаткан. Бирок жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, абалы кескин начарлап кеткендиктен каттамын өзгөрттү. Алдын ала маалымат боюнча, 42 жаштагы аял учуу учурунда каза болгон. Өлүмдүн себеби белгисиз.

Учак Актөбөгө жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:35те конду. Учакта 564 жүргүнчү болгон жана алар азырынча учактын ичинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан