Ысык-Көл облусунун Түп райондук милициясынын ыкчам иликтөө кызматкери, милициянын улук лейтенанты Б.А. 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат шектүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жабырлануучуну "кылмыш жоопкерчилигине тартам" деп коркутуп, андан опузалап акча талап кылганын белгиледи.
Ошентип милиция кызматкери андан буга чейин МБанк мобилдик тиркемеси аркылуу 13 миң сом алган. Кийин дагы 30 миң сом талап кылган. УКМК кармалган шектүү Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилгенин кошумчалады.