Казакстанда жалгыз бой эне психологиялык борбордо мыйзамсыз кармалганын билдирди (видео)

Казакстандын Түркестан облусунун тургуну, жалгыз бой эне белгисиз үч эркек киши үйүнө кирип келип, балдарынын көзүнчө аны күч менен алып кетишкенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, алар аялды Шымкент шаарындагы Komek Center аттуу психологиялык жардам борборуна алып барышкан. Ал жерде аны 10 күн бою мыйзамсыз кармашып, белгисиз документтерге кол коюуга мажбурлашкан. Баш тарткан учурда колу-бутун скотч менен таңып, белгисиз дарыларды сайышкан.

Ал борбордон туугандары менен байланышып, качып чыккан. Айымдын айтымында, ал жакта жашы жете элек кыздар, балдарды коркутуп, эч кандай жардам көрсөтпөй кармап турушат.

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты. Аял социалдык тармактар аркылуу Казакстандын президентине кайрылып, жардам сурады.

"Шымкент шаарынын полиция департаменти бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун жана тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Тергөө учурунда борбордун ишмердүүлүгү, документтер жана видеожазуулар текшерилип жатат. Милиция окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөгө убада берди", - деп жазылат маалыматта.

27.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан