Мединага зыяратка барган өзбекстандык имам каза болду
Сауд Арабиясынын Медина шаарына барган өзбекстандык имам каза болду.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, имам Роббимкул Мухаммадиев 23-майда ташкенттик зыяратчылардын 38-тобун жетектеп кеткен. Ал учакта эсин жоготуп, өзүнө келбей калган.
"Имам учакта уктап, ойгонбой калган. "Медина" эл аралык аэропортунун дарыгерлери анын абалы өтө оор деп баалашып, клиникага жиберишкен. Ал жерде курч мээ кан тамырынын бузулушу диагнозу коюлуп, 24-майда нейрохирургиялык операция жасалды. Кечээ, 26-майда эртең менен өзүнө келбей каза болду", - деп айтылат маалыматта.
Имамдын сөөгү Мединадагы Аль-Баки көрүстөнүнө коюлгандыгы маалыматта кошумчаланган.