Кыргыз мамлекеттик циркинде 28-декабрдан бери Москванын Никулин атындагы цирки “Жомоктуу көл” аталышындагы шоу-программасын көрсөтүшүүдө. 11-январда биз да алардын өнөрлөрүнө күбө болуп кайттык. Аталган шоу-программанын дээрлик көп бөлүгү суу ичинде көрсөтүлдү. Ал үчүн цирктин аренасы атайын көлгө айландырылып жасалып, тегереги фонтандар жана түркүн түстөгү жарыктар менен кооздолуптур.
Шоу-программада кооз кийимдерди кийген маймылдын түрлөрү, каздар, тоту куштар, деңиз мышыктары, крокодилдер, морждор, еноттор ар кандай өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар менен катар “Даңк мүнөтү” телеберүүсүнүн финалчылары болгон балбандар салмагы 110 килограммдык устундарды көтөрүп бири-бирине ыргытып, балдардын жана чоңдордун кол чабуусуна арзышты. Албетте, бети-башын боёгон маскарапоздордун сахнадагы жана зал ичин аралап аткарган өнөрлөрү көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбады.
Москва циркинин администратору Юлия: "Кыргызстанга биринчи жолу келип жатабыз. Биринчиден, өлкөнүн климаты, жаратылышы абдан жакты. Эли да меймандос, сылык келет экен. Аябай жылуу кабыл алышууда. Шоу-программабыз көрүүчүлөргө жагып жатса керек деп ойлойм. Анткени кол чаап кубаттап көрүшүүдө",- деп билдирди.
Көрүүчүлөр антракт учурунда кайык менен "көлдө" сейилдеп, балбандар, жаныбарлар менен сүрөткө түшүштү. Албетте, бекер эмес. Алсак, балбандар менен сүрөткө түшүү 600 сом болсо, кайык менен сейилдөө 150 сомго бааланды.