
Эмгек министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору болуп
Дина Анарбаева дайындалды. Бул тууралуу министрликтен бүгүн, 27-майда билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова тааныштырды.
Буга чейин Анарбаева Бишкек шаардык иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын директору болуп иштеген.