Чүй облусунун Сокулук районунун акиминин мурдагы орун басары Р.И. менен анын өкүл баласы болуп саналган "Нива" айыл чарба кооперативинин төрагасы А.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар ич ара сүйлөшүп алышып, Сары-Өзөн айыл аймагындагы 990 гектар жерди мыйзамсыз пайдаланып келишкен. Мындан улам мамлекетке келтирилген зыян 2000-жылдан азыркы мезгилге чейин 74 миллион сомдон ашкан.
Атайын кызмат ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттери, анын ичинде дан кампалары, кампа жайлары, өндүрүштүк база мыйзамсыз менчиктештирилгенин белгиледи. Мындан тышкары акимдин мурдагы орун басарына жана анын жакын туугандарына 54 кыймылсыз мүлк объектиси, анын ичинде Бишкек шаарындагы элиталык турак үйлөрдөгү батирлер, Сокулук районундагы соода жайлары, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Келечек" пансионатынын аймагындагы коттедж катталгандыгы аныкталган.
Чогулган материалдардын негизинде коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан камакка алынган.
УКМК учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.