Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Ички иштер министрлиги билдирди.
Милиция тактагандай, шектүү жабырлануучуга Бишкекте имарат таап берүүнү убадалап, жалпы суммасы 190 миң доллар турган “Южный” комплексиндеги батирлерин ээлеп алган. Андан соң аны үчүнчү жактарга сатып жиберген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 55 жаштагы Ш.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.