
Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүндө жайгашкан №15 бала бакчаны мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 27-майда билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган имарат 1995-жылы мыйзам бузуу менен менчикке өтүп кеткен.
"Ош шаарында буга чейин да менчиктештирилип кеткен 46 бала бакчаны кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүү аракеттери башталган", - деп билдирди мэрия.