Түп районунун Кудургу жана Тогуз-Булак айыл аймактарынын көл жээгинде эки даана заманбап күзөт жана көзөмөл мунарасы орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдагандай, мунаралар экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана коомдук тартипти бекемдөө максатында орнотулган.
"Бул объектилерге эл аралык стандарттарга жооп берген Hikvision DS-2TD8166-150ZE2F үлгүсүндөгү биспектралдуу PTZ видеокамералар орнотулууда. Алар күнү-түнү иштеп, 14 чакырымга чейинки аралыктагы көрүнүштү чагылдыруу, 5 чакырым аралыктан адамдын жүзүн таануу жана 7 чакырымга чейин жылуулук сигналдарын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле уруксатсыз кирүү жана кооптуу окуяларды аныктоочу алдын ала сигнал берүүчү коопсуздук тутуму каралган", - деп жазылат маалыматта.
Облустук милиция мунараларды орнотуу үчүн Түп токой чарбасынан жалпы 300 чарчы метр жер тилкеси убактылуу пайдаланууга берилгенин белгиледи. Жакынкы аралыкта бул объектилер тосмолор менен курчалат, кызматтык автотранспорт үчүн токтотуучу жайлар курулат жана укук коргоо кызматкерлеринин үзгүлтүксүз нөөмөттө болушу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.
Мындан тышкары мыйзамсыз балык уулоого жана башка экологиялык укук бузууларга каршы күрөшүү максатында атайын кызматтык базаларды куруу жана көл үстүндө туруктуу көзөмөл жүргүзүү үчүн моторлуу кайыктарды колдонуу пландаштырылып жатканы айтылат. Маалыматта алдыда көзөмөл объектилерин куруу иштери облустун башка райондорунда да улантылары кошумчаланды.