
Жогорку Кеңештин төрагасы
Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын премьер-министри
Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда маалымдады.
Анда кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу тууралуу сөз болду.
“Бири-биринен алыс жайгашкан эки мамлекетти тарыхый байланыштар жана интеграциялык бирикмелер жакындатып турат. Андыктан калыптанган алакаларды жигердүү улантып, ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруу менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга умтулушубуз керек”, – деди Тургунбек уулу.
Андан тышкары ал парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү зарыл экенин билдирди.
“Эки тараптуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң экенине карабай, аны толук пайдалана албай келебиз. Андыктан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер катары капиталдын жана ресурстардын эркин кыймылын камсыздаган бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүшүбүз зарыл”, – деп кошумчалады төрага.
Ал эми Пашинян айыл чарба жана туризм тармактарында биргелешип иш алып баруу керектигине токтолду.
“Мамлекетиңиздердеги акыркы реформалар, айрыкча коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясаттан кабарым бар. Биз аталган багыттарда тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди ал.
Мындан тышкары Бишкек–Ереван аба каттамын ачуу демилгеси да көтөрүлдү. Мындай кадам жарандар ортосундагы алаканы арттырууга жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн тыгыз иш алып баруусуна көмөкчү болору белгиленди.