Садыр Жапаров "Капитал банктын" айланасындагы кептер боюнча комментарий берди

Бүгүн, 27-майда президент Садыр Жапаровдун Кабар маалымат агенттигине кезектеги маеги жарыяланды.

Анда өлкө башчысы акыркы убакта коомчулукта Ширшовдун аты аталып, анын ысымын “Капитал банк Борбордук Азия” банкына байланыштырган билдирүүлөргө комментарий берди.

"Кыргызда “Коркконго кош көрүнөт” деген таамай айтылган сөз бар. Ширшов менен Бакиевден корккондор ушундай жалган ушактарды тарата беришет. Аларга ишенүүнүн кереги жок.

Жакында эле “Бакиев келет экен” деп бир дүрбөп чыгышты эле. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бирөөсү мага чыгып: “Эски жараны козгобой эле койбойсуңарбы”, - дейт. “Эмне жара?” - десем, “Бакиев келе жаткан турбайбы”, - дейт.

“Келсе эмне болуптур? 15 жылдан бери алып келе албай жаттыңар эле го? Келсе жакшы болуптур да. Кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз. Бир жагында силер – Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, экинчи жагында Бакиев отурат дагы, соттук териштирүүлөр болот. 15 жыл мурда болгон жашыруун сырлардын баары ачылат эле да”, - десем, “ошонун кереги жок эле да”, - дейт.

Демек, корко турган бир нерселери бар да.

Ал эми Ширшов боюнча көптөн бери эле ар кандай ушактарды таратып келе жатышат. Ширшовду эки-үч жыл мурда мен кабыл алгам.

Андан көптөгөн маалыматтарды алганбыз. Ал маалыматтардын пайдасы менен Максим Бакиевдин жана анын досторуна тиешелүү ири компанияны мамлекетке кайтардык.

Юстиция министрлиги Францияда дагы бир вилласын кайтаруу боюнча иштеп жатат.

Ширшов бир дагы мамлекеттик ишканага жакын жологон жок. Жолотпойбуз дагы. “Капитал банк” болсо – 100 пайыз мамлекеттик банк.

Каржы министрлиги 100 пайыз ээлик кылат жана аны толук көзөмөлдөп турат. Мурда Америка тарап “Керемет банкка” “силер санкцияга кирген товарлардын акчаларын которуп, Россияга жардам берип жатасыңар” деп санкцияга киргизгенден кийин, “анда рубль менен бир эле банк иштесин, баары көзөмөлдө болсун, керек болсо күндө силерге отчёт берип турсун” деп “Капитал банкты” аныктаганбыз.

Ошондуктан бүгүнкү күндө рубль менен бир гана “Капитал банк” иштеп жатат. Башка банктарга рублдан башка валюталарга эч кандай чек жок. Каалагандай иштей беришсе болот.

Анан эми рубль менен иштеп, көп каражат таап жүргөн банктар рублдан пайда таппай калып кыжаалат болуп, анан ушундай жалган ушактарды таратып жатышат.

Эч кандай “Ширшов-Миршов” дегендер жок. “Капитал банк” мамлекеттин, тагыраагы, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштейт. Тапкан пайдасы 100 пайыз мамлекетке түшөт. Ошондуктан ар кандай имиштерге ишене бериштин кажети жок.

Эми биздин ушундай кадамдарыбыздан кийин дагы Америка тарап банктарыбызга санкция сала беришсе, анда бул аракеттерин жөн гана Кыргыз мамлекетине болгон бут тосуулары деп билсек болот", - деп жооп берген президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан