"От менен ойноп жатат". Трамп кайрадан Путинди сынга алды

АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасына Орусия президенти Владимир Путинди сындаган билдирүү жазды.

"Владимир Путин түшүнбөгөн нерсе – эгер мен болбосом, Орусия менен буга чейин "абдан жаман нерселер" болуп кетмек. Мен абдан жаман нерселерди айтып жатам. Ал "от менен ойноп жатат!" – деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.

Бирок анда так эмне тууралуу айтып жатканын ачыктаган эмес.

Кечээ, 26-майда Дональд Трамп эгер Владимир Путин бүт Украинаны басып алууга аракет кылса, бул Орусиянын кыйрашына алып келерин айтып билдирүү жасаган эле. Буга удаа АКШ Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүдө ортомчулук кылуудан баш тартууну көздөп жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан