Шымкентте Кыргызстандын Ардактуу консулунун кеңсеси ачылды

Шымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулунун кеңсеси расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 27-майда билдирди.

Ага ылайык, иш-чара жергиликтүү аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

"Кеңсенин ачылышы эки өлкө ортосундагы достук жана ишкер байланыштарды чыңдоого, региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, гуманитардык, маданий жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, Түштүк Казакстан аймагындагы Кыргыз жарандарына укуктук жана маалыматтык колдоо көрсөтүүгө багытталган", - деп жазылат анда.

Ардактуу консул Талгат Айтбаев жаңы кеңсе аймактагы кыргыз жарандарынын жана ишкерлердин маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүчү аянтча болоруна ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан