Өлкөдө Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттан бүгүн, 28-майда билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-июнь арапа күнү болот.
Белгилей кетсек, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр бул күн 16-июнга туш келген. Аталган майрамда айт намазы окулуп, курмандыкка мал союлуп, муктаждарга жардам берилет.