Колунан күйүк алган орусиялык ырчы Филипп Киркоров эки-үч аптада ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу Mash Telegram каналы жазды.
Айта кетсек, Киркоров 25-апрелде Санкт-Петербургдагы "Октябрьский" залында өтүп жаткан концерт учурунда күйүк алган. Анда анын күрмөсүнүн жеңи аркасына тагылган фейерверктен чачыраган оттон күйүп кеткен. Дарыгерлер ага муундардын сезгенүүсү деген диагноз коюшкан.