Индияда жолборс үйдүн чатырында уктап жаткан аялга кол салып, өмүрүн кыйды

Индияда жолборс үйдүн чатырында уктап жаткан аялга кол салып, анын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Уттар-Прадеш штатындагы Айодхьяпурва айылында болгон. Маркум аял 48 жаштагы Захира түн ичинде эки баласы менен ачык чатырда уктап жаткан. Ошол маалда капысынан пайда болгон жырткыч аялга кол салып, аны менен кошо чатырдан ылдый түшүп кеткен. Балдары апасын куткарууга аракет кылышып, кыйкырып жардам сурашкан. Алар чыгарган ызы-чуу жапайы жолборсту качырган, бирок аял оор жаракат алып, көп кан жоготуп каза болгон.

Маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Жергиликтүү бийлик маркумдун үй-бүлөсүнө 10 миң рупий көлөмүндө шашылыш жардам (компенсация) көрсөттү.

Белгилей кетсек, буга чейин Индиянын башка аймагында, тактап айтканда, Махараштра штатында, адам жеген картайган жолборс кармалган. Ал эки адамды өлтүрүп, дагы экөөнү оор жарадар кылган. Акыркы кол салуу 13-апрелде катталган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан