Таласта киши өлтүрүүгө шектелген жаран 17 жылдан кийин Бишкектен кармалды

Таласта киши өлтүрүүгө шектелген адам 17 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2008-жылдын 28-майында 40 жаштагы жаранды 3 эркек киши мас абалында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринин астынан ур-токмокко алышып, аны менен чектелбестен унаага салып алып токой жээгине алып барышкан жана ал жактан дагы сабоого алышып, ошол жерге таштап кетип калышкан. Натыйжада жабырлануучу алган жаракатынан улам көз жумган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 97-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, 2 жаран кармалып, өз жазаларын алышкан.

Ал эми шектүүлөрдүн бири 41 жаштагы жаран тергөөгө келбей изин жашырып качып кеткендиктен, ага 2008-жылдын август айында издөө жарыяланган. Дээрлик 17 жыл убакыт ал өлкө аймагына келбей чет өлкөдө качып жүргөн. Аны таап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө иштери токтогон эмес.

Натыйжада шектүү 8 күн мурун, тагыраагы, 20-майда Бишкек шаарынан кармалып, Талас ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан