Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМдери консулдук консультация өткөрүштү

Кечээ, 27-майда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери арасында консулдук консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу Тажикстандын ТИМинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда Тажикстандын делегациясын ТИМдин Башкы консулдук башкармалыгынын башчысы Баходур Сафарзода, ал эми Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу жетектешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде:

  • Азыркы абалы жана өнүктүрүү келечектери,
  • Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери,
  • Жарандардын жүрүп-туруусу жана жашоосу боюнча тартип,
  • Консулдук ишмердүүлүктүн башка маанилүү аспектилери каралды.

Тараптар кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан