АКШ Украинадан тынчтык келишиминин шарттарынын тизмесин алды 

Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог АКШ Украинанын келечектеги элдешүү боюнча сунуштарын алганын айтып, эми Орусиянын лидери Владимир Путин 19-майда убадалаган меморандумдун бөлүгүн күтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Келлогг Москва менен Киев принципиалдуу түрдө маанилүү деп эсептеген белгилүү бир максаттарды жана шарттарды айтып жатканын түшүндүрдү. Анын айтымында, кезектеги орус-украин жолугушуусу Женевада өтүшү мүмкүн, анткени Москва Трамптын Ватиканда өткөрүү сунушунан баш тарткан. Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Москва үчүн Түркия ыңгайлуу экендигин билдирди.

Журналисттердин "Трамптын Орусия менен Украинаны элдешүү келишимин түзүүгө мажбурлоо үчүн анын арсеналында дагы кандай жолдору бар" деген суроосуна жооп берип жатып Келлог Трамп буга чейин бир топ иштерди жасаганын, анын ичинде Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдү жеңилдеткенин айтты. Ал кошумчалагандай, Америка лидери буга чейин жасап жаткан иштерин улантуусу керек.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ ортомчулуктан баш тартышы мүмкүн экендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан