Орусиянын айрым аймактарында мигранттарга жүрүм-турумду үйрөтүүчү борборлор ачылат

Орусиянын беш аймагында мигранттар үчүн адаптация борборлору ачылып, алар ал өлкөдө жүрүү жана жашоо эрежелери боюнча кыскача лекция курсун окушат. Бул тууралуу Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Баринов билдиргенин орус басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, борборлор Кемерово облусунда, Хабаровск крайында, Якутияда, Челябинск облусунда жана Татарстанда ачылат. Алгачкы этапта курстарга ыктыярдуу жана бекер катышса болот.

"Адаптация курсу тематикалык блокторго бөлүнгөн лекциялык материал болуп саналат. Анын ичинде миграция жана эмгек мыйзамдары, административдик жана кылмыш жоопкерчилиги, коомдогу жүрүм-турум эрежелери жана нормалары, өлкө боюнча негизги маалыматтар, ошондой эле Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен Орусиянын ортосундагы мамилелердин тарыхы окутулат. Курстун алкагында экстремизмдин алдын алуу жана терроризм идеологиясына каршы туруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан