Москва районунун Төмөн-Суу айылында жаштар ортосунда массалык мушташ болгон факт катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-майда Төмөн-Суу жана Бала-Айылчы айылдарынын 19 жаштагы жигиттеринин ортосунда мушташ чыккан. Жаңжал муну менен токтобостон, 27-майга караган түнү Төмөн-Суу айылынын аймагында эки айылдын 20 жана 19 жаштагы жигиттери чогулуп, мушташышкан.
Жаңжалдан 8 жаран жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Облустук милиция мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, факт боюнча иликтөө иштери уланууда.