Казакстандын Атырау облусунун Индербор айылында теңтуштары 7-класстын окуучусун менен сабап салышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Анда белгиленгендей, дарыгерлер жабырлануучуга баш мээси чайкалган деген диагноз коюшкан.
Маалым болгондой, тыныгуу маалында окуучулардын ортосунда чыр чыгып, натыйжада мектеп окуучусун сабап салышкан. Баланын баш мээси чайкалып, учурда райондук оорукананын стационардык бөлүмүндө дарыланууда.
Тиешелүү кызмат окуя боюнча көзөмөлдү камсыз кылбаган нөөмөтчү класс жетекчисине, директордун тарбия иштери боюнча орун басарына жана мектеп директоруна карата чара көрүлгөнүн билдирди. Сөгүш жарыяланып, класс жетекчиси иштен алынды.