Москвадагы учкучсуз учактардын чабуулу коркунучунан Оштон уча турган каттамдар кармалууда

Бүгүн, 28-майда Ош аэропортунан Москванын "Жуков" жана "Домодедово" аэропортторуна учуучу үч каттам кармалууда. Буга Орусиянын баш калаасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттардын кол салуу коркунучу себеп болууда. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору” ААКсы билдирди.

Учурда жүргүнчүлөр түштүк борбордун аэропортунун стерилдүү зонасында каттамдардын жанданышын күтүп жатышат.

Аэропорттон кошумчалашкандай, учууну күтүп жаткан жүргүнчүлөргө тамак берилет. Эгерде кечигүү улана берсе, жарандар мейманканага жайгаштырыла турганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан