Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков ооруканаларда кан жетишсиз болуп жатканын айтып, өкмөткө донорлорду көбөйтүүнүн жолун сунуштады.
"Аларга жеңилдиктерди түзүп берүү керек. Коомдук транспортторду бекер кылсак, жогорку окуу жайларда окуган студенттердин контракттарын азайтсак жана аларга ооруканаларда акысыз дарыланууга шарт түзсөк. Ошондо донорлордун саны көбөйөт", - деди ал.