Садыр Жапаров чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин эстелигин ачты

Бүгүн, 28-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон аскерлерге арналган айкелдин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар коштоп жүрүштү. Аскер кызматкерлери эстеликтин жабуусун алгандан кийин мамлекеттик гимн аткарылды.

Мемориалга гүл коюудан кийин катышуучулар маркумдарды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Андан соң үч жолу ок атылды.

Жапаров өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл койду. Иш-чаранын жүрүшүндө чогулгандар куран окушту.

Соңунда президент Садыр Жапаров баатырлардын туугандары менен баарлашып, алардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө каларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан