Ошто 21 жаштагы жигит милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Ош шаарында 21 жаштагы жигит милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда ал Ош шаардык кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерине айып короого киргизилген унаасын чыгарып берүү үчүн 4000 сом сунуштаган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада шектүү милиция кызматкеринин кызматтык бөлмөсүнүн ичинде ага айтылган сумманы берип жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан