«Элдик Банк» ААК жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Аялдар түзүмү Кыргыз Республикасындагы аялдардын экономикалык укуктарын кеңейтүү жаатында стратегиялык өнөктөштүккө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитишти.
Бул БУУнун Аялдар уюму менен Кыргызстандын банк секторунун өкүлүнүн ортосундагы биринчи келишим жана бул Элдик Банктын өлкөдөгү алдыңкы жана туруктуу каржы институттарынын бири катары активдүү позициясынын аркасында мүмкүн болду. Меморандумга кол коюу гендердик теңчиликке жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш катары банктын маанилүүлүгүн белгилейт.
Бул Меморандум аялдардын финансылык ресурстардан пайдалана алууларын кеңейтүү, аялдардын ишкердигин колдоо, инклюзивдик финансылык продукттарды иштеп чыгуу жана туруктуу бизнес- демилгелерди өнүктүрүү боюнча биргелешип иш алып барууну карайт, ошондой эле, туруктуу өнүгүү, социалдык жоопкерчилик жана теңчилик принциптерин илгерилетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Бул маанилүү өнөктөштүктүн бир бөлүгү болуу - биз үчүн сыймык. Биз БУУнун Аялдар түзүмүнүн баалуулуктарын колдойбуз жана ар бир аялдын экономикалык өсүүсү, билим алуусу жана өзүнүн ишкердик дараметин бекемдөөсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого умтулабыз", - деди кол коюу учурунда "Элдик Банк" ААК Башкармасынын Төрагасынын орун басары Айчурек Жакыпова.
"Элдик Банк" ААК менен биздин мындай кызматташуубуз Кыргызстандагы ар бир аялдын финансылык инструменттерге, өз бизнесин өнүктүрүүгө, өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошуусуна жана лидерлик дараметин көрсөтө алуусуна бирдей шарт түзгөн экономикалык адилеттүүлүктү камсыздоого болгон жалпы умтулууну чагылдырат. Күч-аракетибизди бириктирүү менен биз бир дагы аял четте калбаган инклюзивдик экономиканы түзүүгө тиешелүү кадамдарды жасап жатабыз", - деди БУУнун Аялдар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик.
Элдик Банк ишкер аялдарды колдоого багытталган бир катар жеңилдетилген кредиттик продукттарды ишке ашырууда. Бул программалар чакан жана орто бизнести ачууга жана өнүктүрүүгө, аймактардагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болуп жатканын белгилей кетебиз.
Кошумча маалымат иретинде: БУУнун Аялдар түзүмү - Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан бүткүл дүйнө боюнча гендердик теңчиликке жана аялдардын укуктарын кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү максатында 2010-жылы түзүлгөн түзүм. Ал дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүндө, анын ичинде, Кыргызстанда да иш алып барууда.
КРУБ лиц. №033