Чүйдүн Сокулук районундагы ооруканада дарыгерлер кичинекей балага ийне сайып, ВИЧ жуктурган. Бул тууралуу депутат Элдар Абакиров бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал мындай учурлар дагы катталбашы үчүн көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты. Эл өкүлү баланын жашын тактаган жок.