Сүйүнчү! Өзгөндө Мухаммад, Мустафа жана Хадича аттуу үч эм төрөлдү

Ош облусунда үч эм төрөлдү. Облустук төрөт үйүнөн билдиргендей, Өзгөн шаарынын 1999-жылы туулган тургуну Дилдора Маматханова 13-майда ымыркайларды жарык дүйнөгө алып келди. Алардын экөө уул, бирөө кыз. Наристелерге Мухаммад, Мустафа жана Хадича деген аттар берилди.

Эне жана балдардын абалы жакшы. Алар бүгүн, 28-майда үйүнө чыгарылгандыгы маалыматта кошумчаланды.

Ал эми Өзгөн шаарынын мэриясы үч эмди жарык дүйнөгө алып келген жаш энеден кабар алып, акчалай белектерин берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан