Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова акыркы жылдары эл өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатканын айтты.
Ал мындай тоскоолдуктар Курулуш министрлиги тарабынан болуп жатканын белгиледи.
"Биз курулган объекттерди көрүү үчүн Курулуш министрлигинен уруксат алышыбыз керек экен. Бул эмне дегендик? Биз элдин өкүлүбүзбү же Курулуш министрлигинин алдындагы мекемебизби? Мындай болбойт да. Анан ар бир депутатка "басып барбасын, көрбөсүн" деп тыюу салганы туура эмес. Ошон үчүн Курулуш министрлигине жакшынакай айтып коюңуздар", - деди Нарматова.