Бишкекте 43 жаштагы жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылганын бүгүн, 28-майда ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, 1982-жылы туулган эркек киши бактын үстүнө чыгып, өзүнө кол салууга аракет кылган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында ал куткарылды.
Окуя кечээ, 27-майда орун алгандыгы маалыматта кошумчаланды.