Депутат Мамашова МИКтеги кезекке нааразычылыктар болуп жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерине болгон кезекке нааразычылыктар бар экенин айтты.

"Эмнегедир социалдык кезек эч жылбай койду. Мугалимдер, дарыгерлер, майыптыгы бар жарандар, майыптыгы бар балдардын ата-энелери МИКке жете албай койду. Мисалы, апрель айында эле 476 батир берилсе, анын 10 пайызы, тагыраагы, 47 батир социалдык кезектегилерге берилиши керек болчу.

Бирок жыл башынан бери социалдык кезек 30 орунга гана жылган. Эмне үчүн жыл башынан бери 30 эле батир берилди? Бул туура эмес", - деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле социалдык кезекте тургандардын кезеги келгенде "каттооңор Бишкекте эмес экен" деген шылтоо менен бербей койгон учурлар бар экенин айтты. Депутат айым майыптыгы бар балдардын ата-энелери Бишкекте балдарынын ден соолугу үчүн жашап жатышканын белгиледи.

Жогорку Кеңеш 28.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан