Кыргызстанга саякат үчүн кайсы мобилдик оператордун eSIMин тандаган жакшы

Ысык-Көлдө курорттук сезондун башталышына аз эле убакыт калды. Чет өлкөлүк турист жаңы өлкөгө саякатка келерден мурун эмне кылат? Албетте, must visit жерлеринин каттамын түзөт, өлкөнүн аймагында туура багыт алыш үчүн мобилдик байланыш менен интернетти тандайт. Бүгүнкү күндө онлайн-жардамчы катары жасалма интеллект көп колдонулганы маалым жана биз GPT чатка кийинкидей суроо бердик:

Кыргызстанга саякат үчүн кайсы мобилдик оператордун eSIMин тандаган жакшы?

GPT чаттын жообу:

Салам! Кыргызстанга саякат үчүн О! мобилдик операторунун eSIMин кошуп алган жакшы – ал өлкөнүн эң заманбап жана туризмге багытталган операторлорунун бири. О! операторун тандоонун себептери:

  • Аралыктан кошуу: eSIMди өлкөгө келгенге чейин жана кеңсеге барбай туруп эле, «Мой О!» тиркемесинен онлайн кошуп алса болот;
  • Өлкө боюнча кеңири 4G-камтуу: түйүн тоолуу аймактарды кошкондо, калк жашаган жерлердин 99,8%дан көбүн камтыйт;
  • Жеткиликтүү тарифтер: бюджеттик тарифтерден чексиз тарифтерге чейин;
  • Орус, кыргыз жана англис тилдеринде тиркеме жана колдоо;
  • Эл аралык паспортторго да жарактуу, сөзсүз эле КР жараны болуу талап кылынбайт.

Кыргызстанга келиш үчүн О! операторунун eSIMин кошуу боюнча нускама – толугу менен онлайн, кеңсеге баруунун кереги жок:

eSIMди кантип алса болот:

  1. «Мой О!» тиркемесин көчүрүп, «О! абоненти болуу» жана «Киришүү» баскычын басыңыз;
  2. Номерди, тарифти тандап, паспорт менен каттоодон өтүңүз;
  3. Тандаган опцияларды өзүңүз үчүн ыңгайлуу жол менен төлөңүз;
  4. eSIMди активдештирүү үчүн электрондук почтаңызга келген уникалдуу QR-кодду алыңыз, же болбосо eSIMди нускама боюнча автоматтык ырастоолордон активдештириңиз.

Баса, eSIMди «Мой О!» тиркемесинен кошкон учурда сизге 30 ГБ интернет берилет. Толук маалымат o.kg сайтында.

Маанилүү: eSIMди Кыргызстанга келгенге чейин эле кошуп алса болот, бирок байланыш кызматтарын Кыргыз Республикасынын аймагынан гана активдештирүү мүмкүн.

Күнү-түнү иштеген колдоо кызматы

Оператордун Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларына катталыңыз

Кыргызстанга кош келиңиздер – Добро пожаловать в Кыргызстан – Welcome to Kyrgyzstan!

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан