Владимир Зеленский Беларусту ракеталык соккулар үчүн айыптап, анын аймагында Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, Беларустун аймагынан ракеталар учуп келгени үчүн Киев бул сунуштан баш тарткан.
"Орусиялык өкүлдөр Беларусту сунушташкан, бирок Украина "ал жерден ракеталар учуп, аскер кызматкерлери кирип жатканы" үчүн баш тартты", — деп белгиледи Зеленский.
Ал Киев сүйлөшүүлөрдү "нейтралдуу жерлерде" өткөрүүгө макул экенин тактады. Мисалы, Швейцария, Ватикан же Түркияда.