Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын жана АКШнын лидерлеринин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Зеленский 27-майда журналисттерге: "Эгер Путин эки тараптуу жолугушууга ыраазы болбосо, же бардыгы үч тараптуу болуусун кааласа, мен каршы эмесмин. Мен бардык форматка даярмын", - деди.
Бул арада Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Украина Орусиянын лидери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин саммитин уюштуруунун үстүндө иштеп жатканын билдирди. Ал эми орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус лидери украиналык кесиптеши менен эки өлкөнүн сүйлөшүү делегациялары кандайдыр бир макулдашууга жетишсе жолуга турганын билдирди.