Астанада бүтүрүүчүлөр менен бийлеген мектеп директору Европага жолдомо утуп алды (видео)

Астанадагы мектеп директору казак ырчысы Димаш Кудайберген уюштурган челленжге катышып, Европага жолдомо утуп алды. Бул тууралуу KAZ.NUR.KZ басылмасы жазды.

Ырчы мырза жарыялаган челленждин шарты боюнча, "Тоо ичинде" ырына тартылган эң кызыктуу жана эң көп көрүлгөн видеонун ээси жеңүүчү деп табылмак. Ага ырчынын Европада өтүүчү жеке концертине жолдомо – "Алтын билет" берилмек.

Жеңүүчүлөр 26-майда өткөн фан-жолугушууда аныкталды. Алар – Астанадагы мектеп директору Акмоншак Нуртaзa жана Чилиде жашаган Андреа болду. Алардын видеосу социалдык тармактарда миллиондон ашык көрүү топтогон.

№58 мектептин алтын окуучуларынын аркасы менен, балапандарым менин”, – деп жазган Акмоншак Нуртaза.

Ага “Алтын билетти” Димаш Кудайбергендин апасы тапшырган.

Айта кетсек, буга чейин социалдык тармакта Астанадагы мектептердин биринде бүтүрүүчүлөр менен бирге бийлеген мектеп директорунун видеосу тарап, миллиондогон көрүү топтогону айтылган. Ал билим берүү мекемесинин директору Акмоншак Нуртаза болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан