Бүгүн, 28-майга карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 9 миллиард 566 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалыматында көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 839 метр кубду түзсө, суунун агып чыгышы секундуна 410 метр кубду түзүүдө.
Эске салсак, бир ай мурун, 28-апрелде аталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 миллиард 772 миллион метр кубду түзгөн.