
Өлкөдө айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025 – 2026-окуу жылына карата 1-2-класстарга кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, программа 30-майда саат 09:00дө башталат.
"Бул орундар мектептик билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана ата-энелер менен мыйзамдуу өкүлдөрдүн эң чоң суроо-талаптарын канааттандыруу максатында берилет", - деп айтылат маалыматта.