Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарга толгон Мамыров көчөсү тазаланып, шаардыктардын эс алуусу үчүн аллея куруу максатында жолдун эки тарабы бошотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда мэрия билдирди.
Маалымдалгандай, аталган көчөгө жанаша агып өткөн Кайырма каналынын корук аймагына курулуп калган мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде коомдук тамактануучу жайлар, чакан дүкөндөр жана башка соода-сатык түйүндөрү толук бузулуп алынды.