Москва Киев менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүү ордун жана убактысын сунуштады

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуштады.

Кечээ, 28-майда Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланган анын билдирүүсүндө, бул жолугушууда Москва Киевге жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун шарттары боюнча меморандумду берүүгө даяр экени айтылат. Ошондой эле кризистик кырдаалдын түпкү себептерин чечүүнүн бардык жолдору боюнча Москванын позицияы жазылган деп маалымдалган.

Эске салсак, 16-майда Стамбулда Москва менен Киевдин ортосунда сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы болгон. Анда орусиялык делегацияны Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский, ал эми украиналык делегацияны коргоо министри Рустем Умеров жетектеген. Сүйлөшүүлөр эки саатка жакын созулуп, жыйынтыгында бир нече келишимдер түзүлгөн. Анын ичинде 1000ге 1000 формуласы боюнча согуш туткундарын алмашуу, ок атышууну токтотуу боюнча пландарды сунуштоо жана жаңы жолугушуу тууралуу макулдашуу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан