Эми ОСАГО полисине буюртма берүү “Компаньон” тиркемеси аркылуу мүмкүн — ылдам, ыңгайлуу жана коопсуз!

Унааңыз үчүн ОСАГО полисин алуу оңой болду! Эми кеңсеге баруунун, кезек күтүүнүн, документ көтөрүп жүрүүнүн кереги жок. Компаньон Банкынын мобилдик тиркемеси аркылуу ОСАГОну онлайн тариздөөгө болот — болгону бир нече мүнөттүн ичинде.

Эмне үчүн тиркеме аркылуу ыңгайлуу?

Кеңсеге баруунун кереги жок — бүт процесс онлайн өтөт
Унаанын маалыматы автоматтык түрдө толтурулат
Баа дароо эсептелет — бир нече секунд ичинде
Төлөм жана тастыктоо заматта
Убакыт үнөмдөйт — сиз каалаган учурда, кайсы жерде болбосун

Кантип тариздөөгө болот?

  1. “Компаньон” тиркемесин ачыңыз
  2. Башкы беттен “Төлөмдөр” → “Өнүмдөр жана кызматтар” → “ОСАГО” бөлүмүн тандаңыз
  3. Экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз

Полис түзүлгөндөн кийин дароо колуңузга тиет — кагаз жок, күтмөй жок, стресс жок.

Компаньон Банкынан комментарий:

«Биз кардарларга жөн гана банктык кызмат эмес, күнүмдүк маселелерди ылдам жана ыңгайлуу чечүүгө жардам берген толук кандуу санариптик экосистеманы сунуштоого умтулабыз. ОСАГО — коопсуздуктун маанилүү элементи, эми аны алуу мурдагыдан да жеңилирээк болду».

Суроолоруңуз болсо, 88 00 номерине чалыңыз (мобилдик телефондон акысыз) же WhatsApp: 0 770 33 88 00 аркылуу жазыңыз.

Компаньон Банкы — ар дайым жаныңыздада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан