АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы кээ бир америкалык компанияларга Кытайга товар сатууга тыюу салганын CNN Соода министрлигинин атын атагысы келбеген өкүлүнө шилтеме кылып билдирди.
Телеканалдын булагы министрлик Кытай үчүн стратегиялык мааниге ээ товарларга болгон экспортту карап жатканын билдирген. Ал белгилегендей, Соода министрлиги иш каралып жаткан учурда экспорттук лицензияларды токтотуп койгон же кошумча лицензиялык талаптарды койгон.
Өз кезегинде Financial Times Трамптын администрациясы жарым өткөргүчтөрдү иштеп чыгуу үчүн колдонулган программалык камсыздоону сунуштаган америкалык компаниялардан Кытайда кызмат сатууну токтотууну талап кылганын жазат.
Гезитке бир нече булактар билдиргендей, АКШнын Соода министрлиги Cadence, Synopsys жана Siemens EDAга Кытайга технология берүүнү токтотууга буйрук берген. Мындай талап компанияларга кат түрүндө жөнөтүлгөн. Бирок компаниялар каттарды алган-албаганы азырынча белгисиз.