Нурланбек Тургунбек уулу Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү менен куттуктады

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнү менен куттуктады. Анын куттуктоо сөзү парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

"Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар!

Ардактуу ардагерлер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 29-май – Куралдуу күчтөрүбүздүн түзүлгөн күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү мамлекетибиздин бүтүндүгү, коопсуздугу жана көз карандысыздыгынын кепилдиги. Улуттук армияны түзүү чечими өлкөбүз эгемендикке жетишкен алгачкы жылдары эле кабыл алынып, мекеменин алгачкы пайдубалы түптөлгөндөн бери 33 жыл өттү. Андан бери аскерлерибиз бардык кыйынчылыкты кайратмандык менен басып өтүп, көз карандысыз Кыргыз мамлекети үчүн өз милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аркалап келишет.

Кадырлуу мекендештер!

Азыр өлкөбүздүн аскер күчтөрү мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган ар кандай аракеттерди толугу менен токтотууга даяр! Өзүңүздөр жакшы билгендей акыркы жылдары коргоо жана коопсуздук тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, өлкөнүн бүтүндүгүн камсыздоого багытталган чаралар күчөтүлдү. Куралдуу күчтөрүбүздүн күжүрмөн жетишкендиги жана заманбап аскердик инфраструктуранын түзүлүшү менен улуттук армиянын техникалык базасы эгемен тарыхыбызда буга чейин болуп көрбөгөндөй бекемделди. Тагыраагы тармактагы туура жүргүзүлгөн саясаттын аркасында заманбап аскердик техникалар, акыркы үлгүдөгү курал-жарактар алынып, күчтөндүрүлүүдө.

Андан тышкары, күнү-түнү Мекен чегинде кызмат кылган аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртып, айлык маянасын көтөрүү аркылуу аларды турак-жай менен камсыз кылууга багытталган иштер тынбай уланууда. Бул, албетте, чек эмес. Мындай багыттагы бардык реформаларды колдоп, Жогорку Кеңеш да керектүү мыйзамдарды кабыл алууну улантабыз. Мекенибиз бир. Анын коопсуздугун, кызыкчылыктарын коргоо ар бирибиздин милдетибиз.

Кымбаттуу Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери, ардагерлер!

Кыргыз бекеринен "Чептен эрдин күчү бек" - деп айтпайт. Силердин тайманбастыгыңар жана эр жүрөктүүлүгүңөр сырттан келген кандай гана душман болбосун мизин кайтарарына бекем ишенем. Ошондуктан Куралдуу күчтөрүбүз – бул мамлекетти коргогон зор күч эле эмес, эрдиктин, намыстын жана патриоттуулуктун символу. Бүгүнкү күндө ар бир аскер адамы өз милдетин абдан чоң жоопкерчилик жана Мекенге берилүү менен аткарып, өлкөбүздүн эгемендигин сактоого, элдин жашоосун коопсуз кылууга зор үлүшүн кошууда. Ардагерлерибиздин тажрыйбасы, акыл-насааты жана билими жаш муун үчүн табылгыс байлык экени талашсыз. Ал эми өмүрүн өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн арнап, каармандык көрсөтүшкөн Эламан, Дастан, Жеңишбектей эр-азаматтарыбыздын элеси эч качан унутулбайт!

Күчтүү мамлекет, эгемен эл, тынчтык жана өнүгүүгө арналган күжүрмөн кызматыңыздар ар дайым бийик бааланат. Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, энелерибиздин көз жашы эч качан төгүлбөсүн!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан