Кыргызстан Литва жана Беларусь өлкөлөрү менен ветеринардык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Кыргызстан Литва жана Беларусь өлкөлөрү менен ветеринардык кызматташтыгын кеңейтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Ветеринардык кызматынын директору Улугбек Кожобергенов Беларустун Ветеринария жана тамак-аш коопсуздугу департаментинин директору Иван Смильгинь жана Литванын Мамлекеттик азык-түлүк жана ветеринардык кызматынын башкы ветеринардык врачы Вайдотас Кюдулас менен расмий жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Франциянын Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) 92-Башкы сессиясынын алкагында уюштурулду.

Иван Смильгинь менен болгон жолугушууда ветеринардык тармактагы өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда:

  • жаныбарлардан алынган азыктарды экспорттоо жана импорттоо маселелери;
  • ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды өткөрүү;
  • лабораториялык ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу багытындагы кызматташтык.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториялык адистерин жакынкы арада Белоруста окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты.

Ал эми Вайдотас Кюдулас менен жаныбарлардын саламаттыгына, азык-түлүк коопсуздугуна жана трансчекаралык оорулар менен күрөшүүгө тиешелүү маселелер талкууланды.

Өз кезегинде Кюдулас ветеринардык контролдоо, эпизоотиялык көзөмөл жана жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоодо жана алдын алууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча Литванын тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле Кыргызстандын ветеринардык мыйзамдарын эл аралык жана европалык стандарттарга шайкеш келтирүүдө кызматташуунун келечеги талкууланды. Бул экспортту өнүктүрүүгө жана соода байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары тараптар аймактык жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурган жаныбарлардын коркунучтуу ылаңдарынын, анын ичинде шарп, африкалык чочко ылаңынын жана башка транс чек аралык оорулардын жайылышын алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттерге даярдыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан