Ооганстандагы көп сандаган радикалдык топтор Борбордук Азиядагы башкы коркунуч бойдон калууда. Мындай билдирүүсүн ЖККУнун Бишкектеги жыйынында Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов билдиргенин басылмалардын бири жазды.
"Борбордук Азия чөлкөмүндө негизги коркунуч дагы эле Ооганстандагы көптөгөн радикалдык топтордон келип чыгууда. Алар жалпысынан 20дан ашык, 15 миң адамды өзүнө камтыган топтор. Алардын чек арага чектеш мамлекеттердин аймагына кирип келүү ыктымалдыгы өсүп жатат. Региондогу кырдаалга Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук терс таасирин тийгизүүдө. Тактап айтканда, чет элдик согушкерлерден түзүлгөн активдүү куралдуу топтор Ооганстанга жана башка Борбордук Азия өлкөлөрүнө агып келүүдө”, - деди Белоусов.
Белоусовдун айтымында, ЖККУнун жооптуу чөйрөсүндөгү аскердик-саясий кырдаал дагы курч бойдон калууда.