Түштүк Кореянын Пхохан шаарында аскердик учак кулап түштү. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги билдирди.
Бүгүн, 29-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:52 чамасында кулаган учакта төрт адам болгон. Кырсыкка учураган учак Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык экени айтылды.
Эске салсак, былтыр Түштүк Кореяда Jeju Air авиакомпаниясынын Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учагы кулап, 179 адам каза болгон.