Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 29-майда билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күнү иш-чаралар саат 10:00дөн 22:00гө чейин болот.
Аянтта уюштурулуучу интерактивдер:
Мындан тышкары 30-майдан 8-июнга чейин Бишкек шаарында 10 өлкөнүн, ошондой эле өлкөбүздүн бардык облустарынан келген таланттуулардын катышуусунда бешинчи эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалы өтөт.
Фестивалдын алкагында аянтта чет элдик катышуучулардын аткаруулары көрсөтүлүп, саат 19:00дө майрамдык дискотека уюштурулат.